Изилдөө жүргүзүүгө тердер

February 5, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ООНдун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен бирдикте «Кыргыз Республикасында мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча мамлекеттик саясатты жакшыртууга көмөктөшүү» долбоорун турмушка ашырат.


Долбоор мектеп тамак-ашынын программасы жөнүндө калктын маалымдар болушун арттырууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, ошондой эле ООН ВППнын мектеп тамак-ашы жагынан мамлекеттик саясатты ылайыкташтыруу боюнча долбооруна, ошондой эле тендердик жол-жоболорго коомдук контролдук кылуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча адвокативдик ишке багытталган.


Изилдөөнүн максаты мектеп тамак-ашынын маселелери боюнча максаттуу топтордун жалпы маалымдар болушунун баштапкы деңгээлин жана алардын мамилелерин түзүүгө багытталган.


Бул изилдөөнүн натыйжалары программанын таасирин баалоо жана мектеп тамак-ашы жана аны уюштуруу жөнүндө максаттуу аудиториянын изилдөөдө идентификацияланган, жок болгон же адекваттуу эмес түшүнүктөрүнүн негизинде фонддун жана өнөктөрдүн ишинин алкагындагы биргелешкен иш-чараларды турмушка ашыруу үчүн колдонулат.


Изилдөөнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:


 Таза тамак-ашка карата базалык билимдерге жана мамилелерге баа берүү;

 Мектеп тамак-ашын кабылдоо деңгээлине баа берүү;

 ВППнын ишин кабылдоо деңгээлин белгилөө;

 Жалпы билим берүүчү мекемелер үчүн тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча тендер өткөрүү жол-жоболору жөнүндө маалымдар болуунун деңгээлин аныктоо;

 Мектеп тамак-ашы жагынан кызмат көрсөтүү учурунда гендердик жана укуктук аспекттер канчалык эске алына тургандыгына баа берүү;

 Долбоордун максаттарына жана милдеттерине жетишүү үчүн долбоордун натыйжаларын изилдөөнүн негизинде сунуштарды иштеп чыгуу.

 

Конкурска изилдөө жүргүзүү жагынан практикалык тажрыйбасы бар таламдаш уюмдар жана жеке жактар чакырылат.


Кесиптик квалификациялык талаптар:


 Изилдөөлөрдү жүргүзүүдө тажрыйбанын болушу

 Тиешелүү инсандар аралык, коммуникабелдик, уюштуруу жөндөмдөрү жана материалды бере билиши;

 Кыргыз жана орус тилдерин билиши, англис тилин билиши (жактырылат);

 Мыкты талдоо жөндөмдөрү жана отчетторду жазуудагы тажрыйбасы.


Изилдөө жүргүзүүгө арыз өзүнө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:


 Изилдөө тобунун мүчөлөрүнүн резюмесин;

 Изилдөө жүргүзүү методологиясын;

 Изилдөө жүргүзүү графигин;

 Изилдөө жүргүзүү боюнча бюджетти.

 

Арыз (резюме) 2014-жылдын 10-февралына чейин жергиликтүү убакыт боюнча 17.00гө чейин төмөнкүдөй электрондук почта боюнча жөнөтүлүүгө тийиш: j@roza.kg www.roza.kg


Тандалган талапкерлер гана изилдөө жүргүзүүгө чакырылат.


Кошумча маалымат үчүн төмөнкүгө кайрылуу керек

Мектеп тамак-ашы боюнча долбоордун

координаторунун ассистенти

Муховикова Алена

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фонду

Тел.: +996 312 660382, Moб.: +996 555 81 22 51

Эл.почта: j@roza.kg www.roza.kg