Фонддун февралга иш-чараларынын дайджести

January 31, 2014, 06:00

4-февраль - “Кыргызстандын тарыхындагы немецтер” көргөзмөсүнүн концепциясын презентациялоо

Убактысы: 15:00- 17:00. Өткөрүү орду: Мамлекеттик тарых музейи



22-февраль – «Балет чакырат».


Өткөрүү орду – Бишкек хореографиялык окуу жайы. Лектор – Аида Анатольевна Адали. Убактысы кошумча маалымдалат.



 10-февраль - Жалал-Абад шаарындагы «Балалык мектеби» лекторийи.


«Балалык мектеби» программасынын алкагында Монтессори-педагогика боюнча Жалал-Абад шаарындагы таанышуу көчмө лекциясы. Лектор: Москва Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун директору Н.Смирнова. Максат – Жалал-Абад облусунун мектепке чейинки билим берүү педагогдорун Монтессори-педагогикасы менен тааныштыруу. Өткөрүү орду – Жалал-Абад мамлекеттик университетинин залы.



11-20-февраль – Бишкек шаарындагы «Балалык мектеби» лекторийи.


Монтессори-тренинг «Шамбала» балдар бакчасында. Практиканын алдында лекциялардын сериясындагы соңку теориялык машыктыруу, ал жарым жылга созулат жана үйрөнгөн материалды бекемдөөнү болжолдойт. Андан ары практикадан кийин катышуучулар экзамен тапшырат. Экзамен иштеринен ийгиликтүү өткөн катышуучулар Москва Эл аралык Монтессори-педагогика институтунун Сертификатын алат.

 

 

22-февраль - «Музыка – элдин дили». Ар түрдүүлүк жана маданият дүйнөлүк дөөлөттөргө жеткиликтүүлүк катары.



Февралдагы концерт казак диаспорасынын музыкалык маданиятына арналат. Концертте ырдоо өнөрүнүн өтө байыркы түрү болгон төкмө акындардын өнөрү, акындар айтышынын бир көрүнүшү сыяктуу жанрлар жана көптөгөн башкалар сунуш кылынат. Өткөрүү орду – Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы.

Кошумча маалымат жана жазылуу төмөнкүдөй телефон боюнча: 66 03 82, 772 800 376, ошондой эле электрондук почта боюнча: asel.djakypbekova@gmail.com же office@roza.kg