2014-жылдын 26-январынан 30-январына чейин Кыргызстанга россиялык эксперт Алексей Малашенко келет

January 20, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун чакыруусу боюнча «Discover Asia» долбоорунун алкагында Кыргызстанга Россиянын көрүнүктүү чыгыш таануучусу, ислам таануучусу жана политологу Алексей Малашенко келет.


А. Малашенко 27-январда 16:00дө КМУУда жана 28-январда 10:30дө «Манас» КТУда ачык жолугушууларды өткөрөт. Эксперт жакынкы мезгилдеги окуяларды жана тарыхый тенденцияларды талдоонун негизинде россиялык коомдогу, Борбордук Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы исламга өз көз карашын баяндайт, ошондой эле бардык кызыктырган суроолорго жооп берет. 27-январда А.Малашенко «Биринчи радиодо» түз эфирге чыгат.

 

Маалымкат:


Алексей Всеволодович Малашенко


Тарых илимдеринин доктору, Москвадагы Карнеги Борборунун улук илимий кызматкери жана «Дин, коом жана коопсуздук» программасынын тең төрагасы, РАНдын Чыгыш таануу институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, РФ ТИМинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун профессору. Алексей Малашенко орус, англис, француз жана араб тилдериндеги көп сандаган китептердин автору жана редактору, алардын ичинде төмөнкүлөр бар: «Islam in Central Asia», «Ислам альтернативасы жана исламдык долбоор», «Ислам Россия үчүн», «Менин исламым», «Борбордук Азия: Россия эмнеге үмүттөнөт?», «The Fight for Influence. Russia in Central Asia».


«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын бардык коомдук ишмерлерин, эксперттерин жана илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн, ошондой эле журналисттерди жана блоггерлерди алдыдагы лекцияларга чакырат.


Каттоо маселелери боюнча төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну өтүнөбүз: +996 312 660368;. +996 554 979714; office@roza.kg