«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Ачык китеп» долбоорунун алкагында

January 11, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду

«Ачык китеп» долбоорунун алкагында

 

интеллектуалдык менчик, билим берүүнүн инфраструктурасы жана кадрларды даярдоо, инновациялык окутуучу материалдарды иштеп чыгууга карата мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле бул материалдарга жеткиликтүүлүктү чектеген бөгөттөрдү аныктоо жагынан ченемдик базанын колдо болгон материалдарын изилдөө максатында Кыргызстанда ачык билим берүү ресурстарын киргизүү келечектери боюнча кырдаалды талдоону жүргүзүүгө

 

тендер жарыялайт.

 

Изилдөөлөрдүн натыйжалары Кыргызстанда билим берүүнү өнүктүрүүнү киргизүү Концепциясынын долбоорунун негизине кирет, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өзгөртүү үчүн аракеттердин планын камтыйт, ал АБРРди киргизүү аркылуу билим берүү материалдарына кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

 

Сиз Долбоор жана талдоонун өзөктүү милдеттери жөнүндө алда канча кең-кесири маалыматты төмөнкүдөй шилтеме боюнча карап таба аласыз: ToR for experts in OER 10 01 2014


Таламдаш жактар резюмени жана кызыкчылык боюнча катты төмөнкүдөй электрондук дарекке 2014-жылдын 15-январына чейин жөнөтүүсү зарыл: gulzada.urgunalieva@gmail.com