«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Сорос Кыргызстан» фондунун финансылык колдоосу менен «Open Book» долбоорун ишке киргизип жатат

January 11, 2014, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Сорос Кыргызстан» фондунун финансылык колдоосу менен «Ачык китеп» долбоорун турмушка ашырат.


Долбоордун максаты билим берүү жагынан учурдагы мамлекеттик саясаттардын негизинде Кыргызстанда Ачык билим берүү ресурстары (АББР) жагындагы стратегияларды жана саясатты түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.


Долбоордун алкагында төмөнкүлөр пландаштырылууда:


1. Изилдөөлөрдүн негизинде кырдаалды талдоо, факторлорду, ченемдик базаны жана АББРдин негизинде билим берүү материалдарына кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн зарыл түрдө көрүлүүчү чараларды аныктоо;


2. АБРР өбөлгөлөрүн киргизүүнүн маанилүүлүгү жана артыкчылыктары жөнүндө коомчулукка маалымдоо, учурдагы чектөөлөргө карата бардык таламдаш тараптардын көңүлүн буруу максатында АБРР демилгесин алга илгерилетүү боюнча Коалицияны түзүү, АБРР маселелерин алга илгерилетүүдө жарандык коомдо потенциалды түзүү;


3. Билим берүү практикасында АБРРди колдонууну кеңейтүү боюнча конкреттүү сунуштары бар болгон Кыргызстанда АБРРди киргизүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу.


Бул Долбоор базалык ыкмаларды калыптандырууда жана билим берүү жагындагы стратегиялык документтерге (Кыргыз Республикасынында 2012-2020-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүүнүн Концепциясы) киргизүүдө алгачкы звено болуп калат жана калктын бардык катмарларын, анын ичинде социалдык жактан чабал катмарларын билим берүү материалдары, усулдар, окуу китептери менен камтууну кеңейтет деп күтүлүүдө.


Долбоорду турмушка ашырууну 2014-жылдын сентябрында аяктоо пландаштырылып жатат.