«Музыка – элдин дили: УКРАИНА» музыкалык-билим берүү программасынын кезектеги жолугушуусуна чакырабыз

January 10, 2014, 06:00







Кымбаттуу достор!

 

Силерди украин элинин музыкалык маданиятына арналган

 

"Музыка – элдин дили: УКРАИНА"

 

музыкалык-билим берүү программасынын кезектеги жолугушуусуна чакырабыз.

 

 

Биз музыкалык өнөрлөрдүн биринин кулакка жагымдуу ырларын угабыз, кооз бийлерди көрөбүз,

украиндердин музыкалык салттары жана үрп-адаттары менен таанышабыз.

 

Концерт ишемби күнү – 2014-жылдын 25-январында 16.00дө башталат,

ал К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын Чоң залында өтөт.

 

Эшик ачык.

 


Үй-бүлөңөр, досторуңар жана кесиптештериңер менен келгиле.


Силер менен көрүшүүгө куштарбыз!