Бишкекте «Мамлекеттин коомго отчеттуулугу жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» конференциясы өтөт

January 10, 2014, 06:00

2014-жылдын 23-24-январында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча «Мамлекеттин коомго отчеттуулугу жана ак ниеттүү башкарууга жарандардын катышуусу» темасындагы эл аралык конференция өтөт. Конференция Швейцария Элчилигинин, USAID’дин, ПРООНдун демократиялык башкаруу боюнча программасынын, ОБСЕнин колдоосу менен өткөрүлөт.


Кыргыз Республикасынын министрликтеринин алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин үч жылдык ишин жыйынтыктай турган бул конференция мамлекеттик башкаруу, мейкиндикти кеңейтүү жана коом алдында мамлекеттин отчеттуулугун жогорулатуу маселелеринде диалогду тереңдетүүгө, ошондой эле эл аралык тажрыйбага ылайык коомдук байкоочу кеңештерди андан ары өнүктүрүүнүн жаңыланган концепциясын иштеп чыгууга багытталган.


Конференциянын ишине Европа жана Азия өлкөлөрүнөн келген эл аралык эксперттер катышат, алар ар кандай түрдөгү коомдук кеңештердин мамлекеттик органдар менен ийгиликтүү өз ара аракеттенүүсү, жер-жерлерде башкарууга жарандардын катышуусу жагынан өз тажрыйбаларын бөлүшөт.


Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирдикте коомдук байкоочу кеңештердин калыптанышынын жолундагы көйгөйлөр талкууланат, мамлекеттик бюджетти түзүүгө жана натыйжалуу чыгымдоого коомдук байкоочу кеңештердин катышуусу, эл аралык жардам, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжалуулугу, коррупцияга каршы аракеттенүү жана ак ниеттүү башкаруу жөнүндө маселелер көтөрүлөт.