«Мекендештер 2014: Кыргызстандын келечегине салым!»

January 1, 2014, 06:00

Силерди жана Силердин жакындарыңарды, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкерлерин жана эксперттерин Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаеванын атынан Жаңы 2014-жылыңар менен куттуктайбыз.


2014-жыл Силер, Силердин үй-бүлөңөр жана жакындарыңар үчүн, өз үйлөрүндөгү жана чет өлкөлөрдөгү бардык кыргызстандыктар үчүн жакшылыктын, ырыс-кешиктин, жаркын маанайдын, жигердүү жарандык жана жекече өсүштүн жылы болсун!


Биздин бардык өнөктөрүбүздү, эксперттерибизди жана мекендештерибизди «Мекендештер 2014: Кыргызстандын келечегине салым!» форумун даярдоо боюнча кызматташууга жана ага катышууга чакырабыз, ал 2014-жылдын 25-27-июлунда Бишкекте өтөт.


Силердин көпчүлүгүңөр «Мекендештер 2012» форумунда болгонсуңар, андыктан Силерде жагымдуу эскерүүлөр жана ишкер байланыштар гана эмес, ошондой эле кийинки 2014-жылдагы форумга катышуу ниети да сакталып турат деп үмүттөнбүз. Форумдардын ортосундагы мезгилдин ичинде бир нече долбоорлор жүзөгө ашырылды, биз өлкө жана анын келечеги үчүн «жакшы иштердин» бир аз толкунун «Мекендештер» форумунун көпчүлүк катышуучулары колдойт деп үмүттөнөбүз. Силер Кыргызстанды алга жана өргө карай илгерилете турган ондогон долбоорлорду карап чыгууга жана турмушка ашырууга сунуш кыласыңар деп ишенебиз. Силердин күчтүү прогрессивдүү идеяңар өлкөбүзгө эркин жана цивилизациялуу бойдон калууга, Кыргызстан дүйнөнүн прогрессивдүү жана бакубат өлкөлөрүнүн бири болуп калышына жардам берээрине ишенебиз.


Кийинки айлардын ичинде биз Форумдун конференциясын даярдоого жардам берүүнү каалагандар менен жигердүү кат алышып турмакчыбыз. Программа жана кызматташтык боюнча өз идеяңарды j@roza.kg электрондук почтасына жөнөткүлө. Форумдун катышуучусу болууну калаган, кызыктуу жана пайдалуу долбоору бар адамдардан өз досторуңарга жана тааныштарыңарга маалымат берип коюуну өтүнөбүз. Бардык жаңылыктарды www.roza.kg сайтынан көрүп турууга болот.


Бизнес жолугушуулардан тышкары, 2012-жылдагы сыяктуу эле, биз Ысык-Көлдө парустук регатаны жана велосипед жарышын өткөрүүгө ниеттенип жатабыз. Тоолорго биргелешкен жүрүштөрдү өткөрүү идеясы бар, анткени Кыргызстандын тоолорундай керемет тоолор бизден башка эч жерде жок.


Жаңы Жылда баарыңарга чың ден соолук, гүлдөп-өнүгүү жана бакубат жашоо каалайбыз!


Урматтоо жана дүйнөдөгү жакшылыктарды каалоо менен,

Жибек Койчукулова,

Аткаруучу директор