«Бөбөктөргө китеп окуп беребиз» фотоконкурсунун жыйынтыктары

December 20, 2013, 06:00


Кымбаттуу достор!

 

«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган «Бөбөктөргө китеп окуп беребиз» фотоконкурсубуздун жыйынтыгын чыгарууга убакыт жетти.

 

Биздин конкурска 9 автор жана 25 иш катышты. Жеңүүчүлөрдү конкурстук комиссия аныктады. Фотосүрөттөрдүн конкурстун темасына жана шарттарына шайкештиги, фотосүрөттүн кайталангыстыгы, композициясы жана техникалык сапаты бааланды. 

 

Конкурстук комиссия төмөнкү катышуучуларды жеңүүчүлөр деп эсептөө чечимин кабыл алды:

 

Биринчи орун - Асель Шабданбекова «Чоң эне менен неберелер» фотосу менен, конкурстун шарттарына так шайкештиги үчүн жана мээрмандык, толук жайлуулук жана баарын камтыган камкордук өзгөчө сезилип тургандыгы үчүн, булар ушул фотосүрөттөн ачык көрүнүп турат.

 

Экинчи орунду Абдыбекова Назиманын фотобаяны ээледи, ал комиссияны өзүнүн ойлоп тапкычтыгы менен таңдандырды!

 

Үчүнчү орунду биздин конкурста Назгүл Оморкулованын фотосүрөтү алды.

 

Жеңүүчүнү тандоо биз үчүн татаал болгонун моюнга алуу керек. Көптөгөн катышуучулар жеңишке татыктуу болду.

 

Ошондуктан конкурстук комиссиянын бир добуштан кабыл алынган чечими менен конкурстун БАРДЫК КАТЫШУУЧУЛАРЫ белек алат. Бардык фотосүрөттөр өзүнчө кайталангыс. Балдар – дайыма керемет. Ал эми китеп окуган балдар – эки эсе керемет!!!

 

Биз бардык чоң кишилерге жана балдарга биздин конкурска катышканы үчүн чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз жана бардыгына бактылуу, кубанычтуу, узак өмүр жана кызыктуу китептер менен жолугушууларды каалайбыз.

 

Сиздер мындан ары да биздин иш-чараларга жигердүү катышасыздар деп чын дилибизден үмүттөнөбүз.

 

Байгелерди жана эстелик белектерди алуу үчүн конкурстун жеңүүчүлөрүн жана бардык катышуучуларын Фонддун координатору Сүйүндүк уулу Данияр менен 660-382 же 0555-151851 телефону аркылуу байланышууну өтүнөбүз.


Эстелик белектерди Фонддун офисинен 26-27-декабрда алууга болот.