Балдар менен өспүрүмдөрдүн социалдык жана экономикалык жигердүүлүгүнүн «Афлатун» программасы боюнча лекцияга чакырабыз

December 17, 2013, 06:00


Урматтуу педагогдор, ата-энелер!

 

 

Сиздерди Балдар менен өспүрүмдөрдүн социалдык жана экономикалык жигердүүлүгүнүн «Афлатун» программасы боюнча лекцияга чакырабыз.

 

Биз бардык ата-энелерди, чоң ата жана чоң энелерди балдардын социалдык жана экономикалык жигердүүлүгүнүн программасы боюнча лекцияга келүүгө чакырабыз, ал үстүбүздөгү жылдын 19-декабрь Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин конференц-залында төмөнкү даректе өтөт: Раззаков көчөсү 51 А (Киев көчөсү менен кесилиште), II корпус.

 

Лекциянын убактысы 13.30-16.00. Каттоо 13.00дө башталат.

Лекциянын наркы -100 сом.

 

Мамлекеттик уюмдардын педагогдору, ошондой эле чоң ата жана чоң энелер үчүн – акысыз.

 

Лектор – Бермет Асанбаева, «SOS – балдар бакчасы» балдар кыштагынын директорунун орун басары, «Афлатун» программасы боюнча сертификаты бар машыктыруучу.

 

«Афлатун» программасы балдарды бюджет жана пландаштыруу, каражат чогултуу жана чыгымдоо сыяктуу түшүнүктөр менен тааныштырат, демилгечиликти, социалдык жана экономикалык жөндөмдөрдү өнүктүрөт. Балдар үй-бүлөлүк бюджетти туура түзүүнү, чыгымдарды пландаштырууну, кредиттерди тариздөөнү, каражат топтоону жана башкаларды үйрөнөт. Балдар экономикалык же социалдык жигердүүлүк программасын түзүүгө, мүмкүнчүлүктөрдү эсептөөгө, тобокелдиктерди эске алууга, жамаат- командасынын башка мүчөлөрү менен эриш-аркак аракеттенүүгө оюн формасында үйрөнөт. Ушулардын бардыгы өз алдынча турмуш жолуна чыккан учурда ишенимдүү база боло алат.

 

Маалымат алуу жана каттоо үчүн телефондор: 660 382, 0772 800 376,www.roza.kg, e-mail:asel.djakypbekova@gmail.com