«Музыка – элдин дили: Түндүк Кавказ» концерт-лекциясына чакырабыз

December 16, 2013, 06:00


18-декабрь (шаршемби) 18.00дө

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду

Кыргызстан калкынын Ассамблеясы жана

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы менен бирдикте


«Музыка – элдин дили: Түндүк Кавказ» концерт-лекциясын өткөрөт.

 

 

Концерт-лекциялар Фонддун «Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасынын алкагына өткөрүлөт.

 

Программа Кыргызстандын диаспораларынын музыкалык маданиятын билдирген 11 концерт-лекциянын сериясынан турат. Бул инновациялык долбоор, ал концерт-лекция формасында өтөт, алар музыкалык-концерттик жана маалыматтык бөлүктөн турат. Көрүүчүлөр Кыргызстандын ар бир этносунун материалдык эмес руханий маданиятынын мыкты үлгүлөрү жана эстеликтери жөнүндө угуп-билет, бийлердин, ырлардын тарыхы, алардын түрлөрү жана жанрлары менен таанышат.

 

Программанын максаты – Кыргызстандын диаспораларынын маданиятын таанып-билүү аркылуу маданияттар аралык диалогго көмөктөшүү, этностор ортосундагы урматтоону жана өз ара түшүнүшүүнү тарбиялоо.

 

Концерт-лекция Кыргыз Улуттук Консерваториясында өтөт (дареги Жантөшев көчөсү 115). Концерт 18.00дө башталат.

 

Маалымат алуу үчүн телефон: 660 382.