«Тунгуч» жаштар театры «Симуль» балдар спекткслине чакырат

December 16, 2013, 06:00

2013-жылдын 17-декабрында

«Тунгуч» жаштар театрынын

«Симуль» балдар спектакли болот

Спектакль 17:30да

«Тунгуч» театрынын залында башталат

Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 138.

 

Адам менен жаратылыштын таттуу мамилесине, ошондой эле улуттар аралык ынтымак жана сабырдуулук маселелерине арналган бул спектакль «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун колдоосу менен коюлган. Спектакль мурдагы советтик мейкиндик үчүн «Экологиялык маданияттын жана курчап турган чөйрөнү коргоонун жылы» болуп калган өтүп бараткан жылдын символикалык окуясы болуп саналат. Коюлуучу оюн курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылуу, жаныбарларды коргоо ниетин пайда кылат, дүйнөнүн тазалыгын сактоого тиешеси бар экендик сезимин тарбиялайт, табигый чөйрөдө жашаган бактылуу адам болууга умтулууну пайда кылат.

 

Спектаклдин жана театрдын көркөм жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова саналат.

 

Бардык суроолор боюнча «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын менеджерине кайрылуу керек: +996 312 660 382; +996 555151851