Кыргызстанга эки эл аралык эксперт: Аркадий Дубнов жана Федор Лукьянов келет

December 9, 2013, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун чакыруусу боюнча «Discover Asia» долбоорунун алкагында Кыргызстанга Россиянын алдыңкы эл аралык эксперттери жана политологдору келет. Эксперттер актуалдуу эл аралык көйгөйлөргө өз көз караштарын айтат, КМШнын, Бажы союзунун алкагында өлкөлөрдүн өз ара байланышы, Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын киришинин келечектери жагынан тынчсыздандырган суроолорго жооп берет. Борбордук Азия регионундагы коопсуздук маселелери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн, биринчи кезекте Россиянын таламдарын козгойт; региондун өлкөлөрүнүн алдында кандай тобокелдиктер жана көйгөйлөр турат – бул суроолорго жоопторду 2013-жылдын декабрында өтө турган лекцияларда ала аласыздар.


Аркадий Дубнов


Борбордук Азия боюнча эксперт, «Московские новости» газетасынын баяндамачысы. Борбордук Азиянын, КМШ өлкөлөрүнүн, Кавказдын жана Афганистандын саясий маселелери боюнча Россиядагы эң маалымдар журналисттердин бири.


Россиялык жана чет өлкөлүк ЖМКлардагы, илимий басылмалардагы көп сандаган макалалардын жана телекөрсөтүүдөгү комментарийлердин автору.


Лекциянын датасы 2013-жылдын 13-декабры, 16:00.

Өткөрүү орду: КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы.



Федор Лукьянов


«Россия в глобальной политике» россиялык журналынын башкы редактору

1990-жылдан тартып – эл аралык маселелерди чагылдырган журналист, Эл аралык москва радиосунда, «Сегодня», «Время МН», «Время новостей» газеталарында иштеген.

«Голос России» радиосунда ар жумалык берүүлөрдү алып барат. Россиянын тышкы жана коргоо саясаты боюнча Кеңештин президиумунун төрагасы.


Лекциянын датасы 2013-жылдын 20-декабры, 16:00.

Өткөрүү орду: КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы.



«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын бардык коомдук ишмерлерин, бизнесинин жана илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, ошондой эле журналисттерди жана блоггерлерди алдыдагы лекцияларга чакырат.


Катталуу маселелери боюнча долбоордун координатору Алтынай Бегалиевага кайрылууңуздарды өтүнөбүз: +996 312 660368;. +996 554 979714; office@roza.kg