Китептерди жана оюнчуктарды чогултуу боюнча кайрымдуулук акциясы башталат

December 12, 2013, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана «Курак» Аялдар Форуму» Коомдук Бирикмеси бардык мамлекеттик уюмдардын, бизнес структуралардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле каалаган бардык жарандарды Жаңы жылдын алдында китептерди жана оюнчуктарды чогултуу боюнча кайрымдуулук акциясына катышууга чакырат. Чогултулган белектер 2013-жылы ачылган айылдык балдар бакчаларына, ошондой эле «Жайлоодогу балдар бакчаларына» жөнөтүлөт.

 

Балдар чоңойгон ар бир үй-бүлөдө сөзсүз оюнчуктар менен китептер бар, аларды муктаж балдарга берүүгө болот. Көптөгөн кайрымдуу адамдар ушундай белек жасоону каалайт деп ишенебиз. Ошентип, биз өз балдарыбызга үлгү көрсөтөбүз.

 

 

Сиздерден ушул акцияга кошулууну жана 2013-жылдын 20-декабрына чейин китептер менен оюнчуктарды чогултууну өтүнөбүз.

 

Китептер менен оюнчуктарды чогултуу үчүн коробкалар шаардын төмөнкү жерлеринде орнотулган:

 

- “Айчүрөк” Борбордук Универмагынын соода борбору, Чүй проспекти, 155 (2-кабаттан 3-кабатка карай кеткен эскалаторлордун ортосунда)

- Дордой Плаза соода борбору, Ибраимов көчөсү, 115 (1-кабат)

- Балдар Дүйнөсү соода-оюн-зоок борбору, Чүй проспекти, 147/4, Ибраимов көчөсү менен кесилиште

- “Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясынын офиси, Москва көчөсү, 76-6

- “Kalikova&Associates” юридикалык компаниясынын офиси, Эркиндик проспекти, 71

- “Prego” рестораны, Чүй проспекти, 219

- “Дильбар” Мода үйү дүкөнү

- “Hyatt Regency Bishkek” отели, Совет көчөсү, 191


Биздин коробкаларды жашыл тасмасы бар кызыл түсүнөн биле аласыздар.

 

Чоң өтүнүч: оюнчуктар менен китептер таза жана таңгакталган болууга тийиш.

 

Сиздерге алдын ала терең ыраазычылык билдиребиз!

 

Акцияны уюштуруу менен байланышкан бардык суроолор боюнча төмөнкүдөй даректерге кайрылыңыздар:

0312 660382 gulzada.urgunalieva@gmail.com Гульзада Ургуналиева,

0551 588857 zarina.mambetturdieva@gmail.com Зарина Мамбеттурдиева.