Майрамыңыздар менен, дипломаттын күнү менен, Роза Исаковна!
October 24, 2025, 06:42
Урматтуу Роза Исаковна!
Жүрөктөн чыккан жылуу каалоо-тилектерибиз менен Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматкеринин күнү менен чын дилден куттуктайбыз!
Сиздин Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүгө, мамлекеттер ортосундагы ишенимди жана кызматташууну чыңдоого кошкон зор салымыңыз чыныгы суктануу жана сыймык жаратат. Акылмандыгыңыздын, кесипкөйлүгүңүздүн жана ишке берилгендигиңиздин аркасында өлкөбүздүн дипломатиялык кызматы ар дайым жогорку деңгээлде болуп келген.
Сизге түгөнгүс энергия, чыдамкайлык, бекем эрк жана күч, ошондой эле чың ден соолук, бакубат жашоо жана ийгилик каалайбыз.
Сиздин бай тажрыйбаңыз кыргыз дипломатиясынын жаңы муундары үчүн үлгү болсун!
Терең урмат менен,
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жамааты