Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкерлеринин күнү менен куттуктоо

October 24, 2025, 06:34

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду Кыргызстандын дипломатиялык коомчулугун кесиптик майрамы — дипломатиялык кызматкерлердин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!


Эзелтен элчи – элдин жүзү, элдин кадырын алып жүрүүчү адам деп эсептелген. Бүгүн да кыргыз дипломаттары улуттук кызыкчылыктарды алга жылдырууда, өлкөлөр ортосундагы ишенимди жана кызматташтыкты бекемдөөдө, тынчтыкты жана коопсуздукту коргоодо маанилүү ролду ойношот. Алардын аракеттери менен Кыргызстан жыл сайын эл аралык аренада өзүнүн кадыр-баркын бекемдеп, диалогдун, өнөктөштүктүн жана туруктуу өнүгүүнүн баалуулуктарын илгерилетип келет.


Фонд дипломаттардын эмгегин, алардын акылмандыгын, чыдамкайлыгын жана берилгендигин терең урматтайт.


Сиздердин эмгегиңиздер мындан ары да өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнө, элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана достукту чыңдоого өбөлгө түзсүн!


Урматтоо менен,

Эл аралык коомдук фонду

"Роза Отунбаеванын Демилгеси"