Мугалимдер күнү менен!
October 3, 2025, 08:35
Ар бир адамдын тагдырына жана коомдун өнүгүшүнө түздөн-түз таасир берген эң баалуу кесип ээлери — мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз. Сиздер берген билим жана талыкпаган эмгек ар бир баланын жүрөгүндө өчпөс из калтырат.
Сиздердин акыл-насаатыңыздар бүгүнкү күндүн жаштарын эртеңки күндүн жоопкерчиликтүү жарандарына айлантат. Биз сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз жана чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык, чыгармачылык дем каалайбыз. Ар дайым эмгегиңиздер урмат-сыйга бөлөнүп турсун!
Урматтоо менен
"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду
"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду