Билим күнү кут болсун!

August 31, 2025, 23:04

Урматтуу окуучулар, урматтуу ата-энелер!


Сиздерди "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун атынан Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!


Урматтуу ата-энелер!

Сиздердин камкордугуңуздар жана туруктуу колдооңуздар — балдарыңыздын дүйнөнү таанып-билүүсүнө, өнүгүшүнө жана жаңыны үйрөнүүсүнө негизги шарт түзөт. Ар бир күнү сиздер —  акылман кеңешчи жана бекем тирек болуп келесиздер. Жаңы окуу жылында балдарыңыздын ийгиликтери жана жетишкендиктери сиздерди кубандырып, ар бир кадамы сыймык тартууласын!


Урматтуу балдар!

Жаңы билимге болгон кызыгууңуздар, кыялданууга жана изденүүгө болгон умтулууңуздар эч качан өчпөсүн! Ката кетирүүдөн коркпоңуздар — артыңыздарда дайыма сиздерге жол көрсөтө турган ата-энеңер турат.


Жаңы окуу жылы бекем соолук, кубанычтуу учурлар жана жаңы ачылыштар менен коштолсун!


Урматтоо менен,

"Роза Отунбаеванын Демилгеси" эл аралык коомдук фонду