Кыргызстандын, эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз!

August 30, 2025, 22:59

Кымбаттуу мекендештер!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз!


Бул күн эгемендүүлүктү, эл биримдигин жана мекенчил рухту даңазалаган маанилүү даталардын бири болуп саналат. Ар бир жарандын мээнети менен өлкөбүз ата-бабалардан калган каада-салттарын сактап, маданий мурастарын улап, ишенимдүү кадамдар менен жаңы бийиктиктерди көздөй багыт алып бара жатат.


Көз карандысыздыгыбыз дайыма жакшы иштерге дем берип, жаркын келечекке болгон ишенимибизди чыңдасын! Ал жашына, улутуна, көз карашына карабастан бардыгыбызды биримдикке чакырып турсун.


Сиздерге бекем ден соолук, ынтымак, тынчтык, бакубатчылык жана эгемендүү Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өсүшү үчүн жаңы ийгиликтерди каалайбыз!


Урматтоо менен,

"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын уюштуруучусу жана жамааты