«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын жамааты КР экс-президенти, Фонддун уюштуруучусу Р.И.Отунбаеваны Туулган күнү менен куттукутайт

August 22, 2025, 21:09

Урматтуу Роза Исаковна!


Сизди 75 жылдык мааракеңиз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!


Сиздин өмүр жолуңуз– Ата Мекенге ак ниет кызмат кылуунун айкын өрнөгү. Кыргызстандын эгемендүүлүгүн бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз зор. Лидерлик сапатыңыздын, акылмандыгыңыздын жана дипломатиялык чеберчилигиңиздин аркасында өлкөбүз оор сыноолордон ийгиликтүү өтүп, дүйнөлүк аренада татыктуу ордун ээледи.


Билим берүүнү өнүктүрүү, аялдардын укуктарын коргоо жана жаш муунду колдоо багытындагы аракетиңиз өзгөчө дем берет. Сиздин жетекчилигиңизде Кыргызстан Борбор Азияда аял-Президент башкарган алгачкы өлкө болуп, көптөгөн муундар үчүн жаңы горизонтторду ачты.


Жакшы иштериңиз элибизге дайыма шыктануу жана берекелүү жашоо тартуулай берсин! Сизге бекем ден соолук, узак өмүр, тынчтык жана жаңы ийгиликтерди каалайбыз.


Терең урматтоо менен,

"Роза Отунбаеванын демилгеси" ЭКФнын жамааты