Энелер күнү менен!
May 16, 2025, 12:06
Урматтуу, кымбаттуу апалар!
Сиздерди май айындагы эң жарык майрам — Энелер күнү менен чын дилден куттуктайбыз!
Бул дата — чексиз мээримдин жана түгөнгүс камкордуктун символу.
“Эненин мээрими — теңдешсиз байлык” деп элибизде бекеринен айтылган эмес. Эне мээрими бар үчүн дүйнөдө боорукердик, жакшылык жана тынчтык өкүм сүрөт.
Бул күнү сиздерге кубаныч, береке жана бекем ден соолук каалайбыз. Эне — үй-бүлөнүн гана эмес, бүтүндөй коомдун тиреги. Сиздердин ак эмгек, акылмандык жана мээримдүү тарбия — келечектин пайдубалы.
Ыраазычылык жана урматтоо менен,
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жамааты