9-Май — Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайбыз!
May 7, 2025, 23:18
Бул күн — элибиз эңсеп күткөн тынчтык орногон, курал-жарак
тынып, энелердин көз жашы тыйылган, эл үмүт менен келечекке караган улуу күн. Мындан 80 жыл мурун, жаздын дал ушул
күнү адамзат согуштун азабынан кутулуп, тынч турмушка кадам таштаган.
Кыргызстан Улуу Жеңишке баа жеткис салым кошкон. Жүз
миңдеген жердештерибиз майданга аттанып, калгандары тылда жан аябай
эмгектенишкен.
363 миң
кыргызстандык фронтко кетип, алардын 130 миңден ашууну согуш талааларында
курман болушкан. Көптөгөн мекендештерибиз баатырдыгы үчүн жогорку мамлекеттик
сыйлыктарга татыган, алардын ысымдары биздин тарыхыбызда түбөлүк сакталып
калат.
Бул күн — Улуу
Жеңишти көргөн муун менен бүгүнкү муунду бириктирген тарыхый байланыш. Анын
маңызы эч качан унутулбашы керек, ал ар дайым эсибизде сакталууга тийиш. Биз
Улуу Жеңишти жакындаткан фронттун баатырларын, тылдагы эмгекчилерди жана согуш
балдарын терең урматтап, алардын эмгегин ар дайым баалайбыз.
Баарыңыздарга тынчтык, бакубат жашоо жана ачык асман каалайбыз!