Апрель революциясына 15 жыл: Баатырларга түбөлүк таазим жана келечек муундар алдындагы жоопкерчилик
7 апреля 2025 г. в 08:06
Бүгүн, 7-апрелде, Апрель революциясынын 15 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнү биз эркиндик үчүн курман болгон баатырларды эскерип, терең урматтоо менен башыбызды ийебиз.
2010-жылы 7-апрелде авторитардык режимге каршы , өлкөнүн жаркын келечкги үчүн өз өмүрүн арнаган баатырларыбыздын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтабыз.
Алардын курмандыгы текке кеткен жок — бул окуя улуттун ойгонушунун жана Кыргызстандын тарыхындагы жаңы барактын башталышынын символуна айланды.
Апрель баатырларынын элеси бизге кайгы гана эмес, жалпы жоопкерчиликти да эске салат.
Биз күн сайын тынчтыкты сактап, аны коргоп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошушубуз керек.
Тынчтыкты жана демократияны сактоо менен биз өткөндү урматтайбыз жана ишенимдүү келечекти курууга милдеттүүбүз.
Баатырлардын элеси түбөлүккө жашасын. Алардын эрдиги бизди биримдикке, укуктарды коргоого жана ар бир жарандын тынч коом курууга болгон эркиндигин камсыз кылууга шыктандыра берсин.