Жазгы Нооруз майрамыңар менен!
20 марта 2025 г. в 09:38
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди жаздын жарчысы болгон Нооруз майрамы менен ак дилден куттуктайбыз!
Ата-бабабыздан бери келип, жаңылануунун, биримдиктин, жаратылыш менен айкалыштын белгиси болуп келген бул улуу күн ар бир үйгө кут, ырыс жана жакшылык алып келсин! Нооруз – өткөнгө таазим кылып, келечекке үмүт артар маал. Күн менен түн теңелип, жер бетине жаңы жашоо деми келген ушул күндө бири-бирибизге жылуулук тартуулоо – эзелтен келаткан жакшы салтыбыз.
Кудай ар бириңиздерге ден соолук, береке, жакшылык насип кылсын! Жаңы жаз жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жакшылыкка жетелеген жолдорду ачып, бакыт-таалай, бейпилдик алып келсин!
Нооруз майрамыңыздар кут болсун!
Урматтоо менен,
"Роза Отунбаеванын Демилгеси" эл аралык коомдук фонду