Аялдардын эл аралык күнү менен!

7 марта 2025 г. в 16:23

Урматтуу айымдар!


Сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!


Сиздер акылмандыктын, даанышмандыктын жана боорукерликтин символусуздар. Үй-бүлөлүк коломтону сактоо менен катар, кесиптик, коомдук жана чыгармачылык ишмердүүлүгүңүздөр аркылуу коомдун өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп келе жатасыздар.


Кыргызстандын аялдары – бул өлкөбүздүн сыймыгы, руханий күч-кубаттын жана түгөнгүс энергиянын жандуу үлгүсү. Сиздер салттарды сактоодо, мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө жана келечек муун үчүн жаркын жол түзүүдө негизги ролду ойнойсуздар.


Ар бир күнүңүздөр бакытка, жылуулукка жана кубанычка толсун! 


Сиздерге бекем ден соолук, жан дүйнө тынчтыгын жана эргүү каалайбыз! Жаз айы сиздерге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаркын эмоцияларды жана бактылуу көз ирмемдерди тартууласын!


Урматтоо менен,  

"Роза Отунбаеванын Демилгеси" ЭКФ негиздөөчүсү жана жамааты