Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү
November 6, 2024, 19:19Урматтуу мекендештер!
7–8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Бул даталар биздин тарыхыбызга болгон сый-урматты бекемдеп, ата-бабаларыбыздын акылмандыгы жана кайратмандыгы менен биримдикте келечекке карай жолду улантууга үндөйт.
Ата-бабаларды эскерүү менен алардан калган мурастарды, нарк-насилди улантуу үчүн жоопкерчилик менен мамиле кылууну эске салат.
Өткөндүн баалуулуктарын жана мурастарын урматтоо менен гана биз келечекке карай акылмандык жана күч менен кадам таштай алабыз.