Баткен облусунун 25 жылдык мааракеси менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду куттуктайт!

October 12, 2024, 04:17
Урматтуу Баткен облусунун тургундары, боордоштор, мекендештер! 

Баткен облусунун 25 жылдык мааракеси менен “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду куттуктайт!

Бул мөөнөттүн ичинде касиеттүү Баткен жергебиз кыйла өнүгүп, улам барган сайын жаңы бийиктиктерге чыгууда.

Биздин Фонд Баткен аймагынын өнүгүүсү үчүн бир топ долбоорлорду ишке ашырууда. Алардын бири климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу, тынчтыкты, ынтымакты бекемдөөгө багытталган “Аялдар-тынчтык тиреги” долбоору.

Урматтуу Баткен облусунун тургундары! Сиздер Кыргызстандын бүтүндүгү менен биримдигин сактоого салым кошуп, намысты бийик тутуп келесиздер!

Руху күчтүү улуу элибиз аман болуп, жерибизде тынчтык жана бакубат жашоо болсун!

Урматыбыз менен,
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду