11-октябрь – эл аралык кыздар күнү

October 11, 2024, 00:21

Бардык дүйнө жүзүндөгү кыздар алардын социалдык укуктарын коргоого жана жашоо шарттарын жакшыртууга муктаж.  Ошондуктан БУУ 2011-жылы бүткүл дүйнө жүзүндөгү өспүрүм кыздар кабылып жатышкан көйгөйлөр – теӊ укуксуздук, коргоонун жоктугу жана социалдык адилетсиздик тууралуу маалыматтуулукту жогорулатууга арналган күндүн датасын бекиткен.  


Ар жыл сайын Бириккен Улуттар Уюму Эл аралык кыздар күнүнүн темасын бекитет. 2024-жылы ал «Келечекке кыздардын көз карашы менен» деп аталат. Салтанаттын күнөөкөрлөрүнүн өз тагдырларын өз алдынча чечүүгө жана глобалдык процесстерге активдүү катышууга  умтулуулары мына ушундайча баса белгиленет.

 

«Роза Отунбаеванын Демилгеси» эл аралык коомдук фонду бардык кыздарды майрамы менен куттуктайт!


Биздин Фонд кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу, кыздарды илим, техника, инженерия жана математика (СТЕМ) чөйрөсүндө билим берүүгө тартуу боюнча өз миссиясын сыймыктануу менен улантат. Биз силердин дараметиӊерге, силердин билимге умтулууӊарга жана силдердин илимий ачылыштар жана технологиялык инновациялар аркылуу дүйнөнү өзгөртүүгө жөндөмдүү экениӊерге ишенебиз.


Дал ушул күн шыктанууга, мүмкүнчүлүктөргө жана айлана-чөйрөдөгүлөр тарабынан колдоого толгон күн болсун. Эсиӊерден чыгарбагыла, дал ушул силер – биздин өлкөнүн келечегисиӊер!