Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 100 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз!

October 5, 2024, 22:28
Урматтуу Догдуркүл Шаршеевна,
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ардагерлери жана кызматкерлери!

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун атынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 100 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыздар.

Министрлик өзүнүн көп жылдык тарыхында бир нече жолу аталышын өзгөртсө дагы, ар дайым өзүнүн негизги милдетин – өлкөбүздө билим берүүнүн сапатын жогорулатууну ырааттуу аткарып келет. Өлкөнүн келечегине кам көрүү, жаңы муундардын аң-сезимин, жан дүйнөсүн калыптандыруу, замандын талабына ылайык ой жүгүртүп, маселелерди чечүүгө жөндөмдүү кадрларды даярдоо – ар дайым сиздердин колуңуздарда!

Жогорку кесипкөйлүк, калыптанган салттарды кылдаттык менен сактай билүү, окутууда жана тарбиялоодо жаңычылдыкка умтулуу кыргыз билиминин, маданиятынын жана илиминин байлыгын арттырат.

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду дайыма Билим берүү жана илим министрлигинин ишенимдүү өнөктөшү болуп келген жана болуп кала берет. Биз улуттук билим берүү системасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган диалогго, кызматташууга жана командалык иштөөгө ачыкпыз.

Бул дата келечектеги жетишкендиктердин жана ийгиликтердин башталышы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жамаатына илимий, билим берүү жана инновациялык ишмердүүлүктө жаңы чектерди багындырууну, кесиптик жана чыгармачылык өсүүнү каалайбыз.

Терең урматтоо менен,
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Р.Ж.Кайыкова