Кадырлуу аксакалдуу аталар, кымбаттуу ак элечек энелер!
October 1, 2024, 06:45“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду ар бир үйдүн куту болгон карыларды бүгүнкү майрамы менен куттуктайт.
Бул майрам 1990-жылы БУУ тарабынан негизделип, андан бери дүйнө жүзүндө улуу муундун кызматына таазим кылуу жана баалоо катары белгиленип келет.
Бул күнү - сиздердин эмгек, акылмандык жана тажрыйбаңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Ар бир күнүңүз кубанычка, жакындарыңыздын камкордугуна жана жылуулугуна толсун. Төрүбүздүн көркү болуп, дайыма аман-эсен, бар болуңуздар!
Урматтоо менен,
"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду