23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайбыз!

September 23, 2024, 03:40
Кыргыз тили маданиятыбыздын улуу баалуулугу, бизди түпкү тегибиз менен, тарыхыбыз менен байланыштырган көпүрө. Кылымдар бою Кыргызстандын маданиятын, кайталангыс жана бай өзгөчөлүктөрү болгон улуу мурасты муундан муунга эне тилибиз жеткирип келүүдө.

«Эне тилди унутуу — мекенди унутуу дегендик. Аны билип эле тим болбостон, коргоп, өнүктүрүш керек”, - деген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов.


Бардык кыргызстандыктар өз өлкөсүн ар дайым жан-дили менен сүйүп, тили менен сыймыктанып, маданиятын даңазалап жүрүшүн каалайбыз. Кыргыз тили ар дайым баарлашуунун гана эмес, өнүгүүнүн да күчтүү жана кубаттуу куралы бойдон кала берсин!