«Бир ырдын сынагы» Жаш акындарга сынак!

June 26, 2024, 09:02
Урматтуу жаш калемгерлер, ыр сынакка жигердүү катышып акчалай байгеге ээ болуңуздар!

ЖОБОСУ

1. Жалпы жобо
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун демилгеси тарабынан уюштурулган ыр сынак
1.2. Сынактын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду

2. Сынактын негизги максаты:
- кыргыз тилинин көркөмдүүлүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо;
- жаш акындардын талантын ачуу, шык берүү, кыргыз поэзиясын даңазалоо;
- акындардын арасындагы мыктыларды тандоо;

3. Сынактын этабы жана мөөнөтү:
3.1. Тандоо туру: конкурстук чыгарма 2024-жылдын 5-майдан 5-сентябрга чейин кабыл алынат.

4. Сынакка катышуунун шарттары:
4.1. Сынакка кыргыз тилинде жазылган бир гана ыр кабыл алынат.
4.2. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки акындар катышат.
4.3. Сынакка ырды “Жазуучулар союзунун” jazuuchularsoyuzu@mail.ru же Фонддун office@roza.kg дарегине “Бир ырдын сынагы” темасы менен жөнөтөт.
4.4. Ыр WORD түрүндө Times New Roman 14, интервал 1,5 кабыл алынат.
4.5. Сынакка катышуу үчүн автор каалаган тематикадагы бир гана ырды жөнөтө алат.
4.6. Ыр 3 куплеттен 10 куплетке чейин болууга тийиш.
4.7. Ырдан тышкары бир файлга аты-жөнүн, өмүр баянын, байланышуу номерин кошо жөнөтүшү шарт.
4.9. Уюштуруучу сынакка жиберген ырды рецензиялабайт, кайтарып бербейт.

5. Сынактын сыйлык фонду
1-орун 50000 (элүү миң) сом
2-орун 30000 (отуз миң) сом
3-орун 20000 (жыйырма миң) сом
Кызыктыруучу сыйлык
2 акынга 10000 (он миң) сомдон берилет

Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду

Электрондук дарек: jazyychularsoyuzu@mail.ru, office@roza.kg

Байланыш номер: +996554949020