Балалыктын, кубанычтын жана жылмаюунун майрамы менен!

May 31, 2024, 22:36

Урматтуу балдар!


«Роза Отунбаеванын Демилгеси» Эл аралык коомдук фонду силерди балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайт! 


Биз силерге тынчтык, ден соолук жана кубанычтарды каалайбыз!


Биздин Фонд өзү түзүлгөн күндөн баштап эле, Кыргызстандын балдарынын балалыгын кызыктуу жана пайдалуу кылуу үчүн иштеп келе жатат.


Фонддун чоӊ адамдар үчүн көптөгөн иш-чаралары дагы балдардын балалыгын сапаттуу жана коопсуз кылганга багытталган. Булар мугалимдер жана ата-энелер үчүн лекциялар жана курстар.   Монтессори педагогикасынын курстары, алардын жардамы аркылуу Бишкекте жана Кыргызстанда бир нече балдар бакчалары иштеп жатышат. Булар ата-энелер үчүн тиркемелер, ата-энелер үчүн китептер жана радио берүүлөр.


Акылдуу, ийгиликтүү, бактылуу балдар – бул биз умтулуп жаткан максат!