21-март - Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү менен куттуктайбыз!

March 21, 2024, 07:29

Баардык акындарыбызга чыгармачылыгы, поэзия дүйнөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздер жазган ырлар жан дүйнөбүздү байытып, дүйнөнү башкача көрүүгө түрткү берет.


Поэзияны даңазалоо, коомдун руханий маданиятынын деңгээлин жогорулатуу, белгилүү, ошондой эле жаш акындарды колдоо жана коом тарабынан таанытуу максатында "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду 2016-жылдан тарта үзгүлтүксүз "Поэзия кечелерин" уюштуруп келет. Кечелерди уюштурууда биз менен болуп, көмөк көрсөткөн ар бир акындарыбызга ыраазычылык билдиребиз! Калемиңиздер курчуй берсин!

Поэзия кечеси “Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.
*Поэзия күнү ЮНЕСКО уюмунун Башкы конференциясынын 30-сессиясынын чечимине ылайык белгиленет.