Сүртүп чаптоо боюнча «Күн чыккан өлкө!» мастер-классына чакырабыз

November 27, 2013, 06:00

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун көмөктөшүүсү менен

 

 

"Көркөм өнөрдүн сыйкыры же кош келипсиздер ата-энелер!"

 


программасынын алкагында силерди балдар жана чоң кишилер үчүн мастер-класстарга чакырат

 

30-ноябрь (ишемби) саат 14.00

 

3D СҮРТҮП ЧАПТОО боюнча балдар жана чоң кишилер үчүн лекция+мастер-класс:

 

«Күн чыккан өлкө!»

(мом бүртүктөрү, пластилин, түстүү негиз)

 

Силерди дүйнөнүн өз алдынчалуу өлкөлөрүнүн бири – Япониянын маданиятына жана көркөм

өнөрүнө арналган тематикалык мастер-класска келүүгө чакырабыз!

 

Биз самурайлар жөнүндө, икебана, оригами өнөрлөрү жөнүндө, сакуранын гүлдөшүнө арналган майрам жөнүндө угуп-билебиз!

Архитектура, живописти өнүктүрүү жөнүндө жана жаратылышка өзгөчө мамиле жөнүндө бир аз айтып беребиз!

 

Япониянын маданияты менен көркөм өнөрү бүгүнкү күндө да суктандырып, таң калтырат!

 

 

Мастер: Жестовский Николай Николаевич - скульптор, сүрөтчү-педагог РУМЦЕВ "Балажан".

 

Наркы – 150 сом

 

Мастер-класстарга милдеттүү түрдө (орундар саналуу) +312 664 959, 0558 588 513, 0555 224 107 телефондору боюнча жазылуу керек;

chnamazbekova@gmail.com, gulbara.art@gmail.com