Эльвира Сурабалдиева “Жылдыздар балдарга окуйт” демилгесинин катышуучусу болот
12 марта 2024 г. в 21:52
«Жылдыздар китеп окуйт» акциясынын кезектеги коногу - КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Эльвира Сурабалдиева, 15-мартта №24 Аалы Токомбаев атындагы мектеп-гимназиясында балдар үчүн китеп окуп бермекчи.
"Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду негизделгенден бери бул акциянын алкагында жүздөгөн белгилүү инсандар менен биргеликте китеп окуу маданиятын кийинки муунга жана ата-энелерге жайылтуу аракеттерин көрүп келди.