8-март — Тең укуктар үчүн күрөштө аялдардан тилектештик майрамы кут болсун!

March 7, 2024, 23:10
Кымбаттуу айымдар!

Силер дээрлик бардык нерселерди жасай аласыңар: терең океанда сүзүп, эң бийик тоого чыга аласыңар, врач болуп же самолетто уча аласыңар, коркунучка дуушар болушуңар мүмкүн, бирок баары бир бардык тоскоолдуктардан өтүп, алга илгерилей бересиңер. Силер – күчтүү, сулуу, боорукер жансыңар, силерге мактоонун баары жарашат! Бүгүн силердин майрамыңар – 8-март! 8-март – айымдарды, алардын эмгегин, энелерди даңазалаган майрам. Майрамыңыздар менен, кымбаттуу айымдар!

Кымбаттуу биздин айымдарыбыз, көөнөрбөс мээримиңер үчүн, жүрөгүңөрдүн кеңдиги үчүн, биздин жашообузду жаркын, кубанычтуу жана көрктүү кыла алгандыгыңарүчүн Силерге ыракмат.

Силердин чарчап-чаалыкпаган эмгегиңерге, өз үйүңөр, балдарыңар, тууган-туушкандарыңар жөнүндө камкордугуңарга ызаат көрсөтүп, Силерди терең урматтоо жана ыраазычылык билдирүү менен куттуктайбыз.

Бизди Силердин мээримиңер, боорукердигиңер, сулуулугуңар жана даанышмандыгыңар, оорчулуктардан илгери үмүт менен арыла билгениңер шыктандырат.

Кымбаттуу айымдар, Силердин үй-бүлөңөргө, туугандарыңарга жана жакындарыңарга зор бакты-таалай, ден соолук, эмгектеги ийгиликтерди, үйүңөргө молчулукту, берекени, жакшылыктарды каалайбыз!

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу жана жамааты