21-февраль - Эл аралык эне тил күнү!

February 20, 2024, 22:09
Бул күн 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюмунун 30-сессиясында белгиленген. 2000-жылдан бери тил жана маданий түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү максатында бир топ өлкөдө белгиленип келет.

Тилдер биздин материалдык жана мүдөөлүк мурастарыбызды сактоонун жана өнүктүрүүнүн эң күчтүү куралы катары эсептелинет. ЮНЕСКОнун изилдөөлөрү боюнча, орто эсеп менен 6 минге жакын дүйнө тилдеринин жарымы жакынкы арада жоголуп кетүү коркунучунда турат.

Эне тилди алып жүрүүнүн жана балага эне сүтү менен чогуу берүүнүн эң жакшы ыкмасы бешик ырлары болуп эсептелет. Анткени бешик ырын угуп чоӊойгон баланын социалдык-психологиялык өнүгүүсү бир топ жогору экендиги практикада далилденген. Алсак, ыр уккан баланын тили бат жана так чыгып, угуу жөндөмү тезирээк өрчүгөн, уйкусу тынч, бейпил болгон. Бешик ыры баланын айлана-чөйрөнү таанып билүүсүн эртелеткен. Ыр аркылуу баарлашуу баланын кабыл алуусун, эс-тутумун эрте калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Буга карата "Роза Отунбаеванын демилгеси" Фонду салттуу (элдик) жана азыркы бешик ырларын даңазалоо аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында 2017-жылы К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясы жана «Кыргыз Радиосу» радиосу менен биргеликте «Бешик ыры» жалпы республикалык конкурсту өткөргөн.

Жыйынтыгында мыкты чыгармаларды Фонд конкурсанттардын жана кесипкөй аткаруучулардын өздөрүнүн аткаруусунда компакт-дисктерге жаздырып алган, учурда аларды биздин YouTube каналыбыздан да угууга болот.

Келиңиздер, балдарга бешик ырын ырдап, эне тилибиздин өнүгүшүнө кадамдарды таштайлы.