“STEM4ALL award 2024” сыйлык тапшыруу аземине чакырабыз

January 26, 2024, 09:26
Иш-чара "STEM4ALL x Mentoring Her" долбоорунун ийгиликтүү жыйынтыкталышына арналып, анда насаатчылык программасындагы номинациялардын жеңүүчүлөрү жана STEM4ALL коомчулугунун мыкты өнөктөштөрү аныкталат.

"STEM4ALL x Mentoring Her" насаатчылык программасы Кыргызстандагы БУУнун Өнүктүрүү программасынын демилгеси жана Digital x долбоорунун алкагында Япония өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылды.

Долбоор илим,технология жана инновация тармагындагы кыздардын жана айымдардын катышуусун өнүктүрүү максатында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды.