Баткенде жаңы долбоор ишке кирет

April 25, 2023, 09:03

2023-жылдын 28-апрелинде Баткен шаарында “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоору старт алат.

 

Иш-чаранын алкагында жергиликтүү калкка жаңы долбоордун максаттары тууралуу маалымат берүү жана жергиликтүү аялдар уюмдары менен кызматташуу пландары талкууланат.

 

Ошондой эле долбоордун командасы Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Баткен мамлекеттик университетинин ректору, Баткен районунун Кара-Булак АО жана Лейлек районунун Сумбула АО тургундары, жаш активисттери менен бир катар жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

 

Долбоордун максаты - Кыргызстандагы климаттык коопсуздук маселелерин чечүүдө жарандык коомдун аялдар уюмдарынын институционалдык потенциалын жогорулатуу жана стратегиялык деңгээлде чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

 

“Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоору Кыргызстандагы БУУнун Аялдар уюму, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан 2023-2024жж БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырылыкмакчы.