Ата-энелер үчүн "Бешке чейин үлгүр" жаңы тиркеме даяр болду!

February 15, 2023, 22:45

“Бешке чейин үлгүр” тиркемеси нейробиология тармагындагы акыркы изилдөөлөрддүн негизинде даярдалды. Кенже куракта балдарды өнүктүрүү боюнча “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун кезектеги долбоору уюмдун 10 жылдыгын белгилөө алкагында ишке ашырылды.

 

Тиркеме “Миндеру” фонду (Австралия) жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан даярдалды.  Тиркеменин мазмуну Австралиянын Сидней университетинин Мээ жана Акыл эс борборунун окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Тиркеме ата-энелерге арналган, наристени өнүктүрүүдөгү эң зарыл турган көндүмдөрүн, билгичтиктерин калыптандырууга багытталган маалыматтарга бай.

 

Кыргызстандагы “Бешке чейин үлгүр” тиркемеси – дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө ишке ашырылган “Thrive by Five” эл аралык глобалдык программасынын  бир бөлүгү. Жакында эле бул тиркеме Индонезия, Намибия жана Афганистанда иштеп баштады.

 

“Бешке чейин үлгүр” колдонмосу төрөлгөндөн тартып 5 жашка чейинки балдары бар ата-энелер үчүн иштелип чыккан жана азыр кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү. Колдонмого ата-энелер жана чоң аталар,чоң апалар үчүн кенже курактаны балдарды өнүктүрүү боюнча көптөгөн кеңештер жана иш-чаралар камтылган.


Тиркеме Google play жана App store жүктөп алуу мүмкүн, онлайн жана оффлайн режиминде жеткиликтүү. Ошондой эле Whatsapp версиясы менен колдонсо болот +61865580497