«Кыргыз Республикасында STEM жагынан келечектеги кадрларды даярдоо системасындагы гендердик теңчилик» изилдөөсү жүргүзүлүп жатат

February 15, 2023, 22:42

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2022-жылдын ноябрынан тартып 2023-жылдын февралына чейин «Кыргыз Республикасында STEM жагынан келечектеги кадрларды даярдоо системасындагы гендердик теңчилик» деген аталыштагы кыска мөөнөттү долбоорду ишке ашырып жатат.


Долбоордун максаты төмөнкүлөр болуп саналат:

  1. STEM жагынан гендердик теңчилик жагдайын сандык жана сапаттык изилдөөнү жүргүзүү.
  2. Сунуштамаларды талдоону жана иштеп чыгууну жүргүзүү.
  3. Изилдөөнүн натыйжалары жөнүндө кызыкдар тараптарга маалымдоо.

 

Долбоордун эксперттери Кыргыз Республикасында абитуриенттерди техникалык адистиктерге (СТЕМ) тартуу боюнча ЖОЖдордун коммуникациялык ишинин гендердик сезимталдыгын баалоо боюнча изилдөөнү жүргүзүп жатат.

 

Маалымат үчүн:


Биздин эксперттер:


Мамытов Абакир Мамытович – педагогикалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, КБАнын академиги.


Усупкожоева Анипа Абылбековна – Кыргыз-герман техникалык институтунун директору, т.и.к., профессор.


Кендирбаева Догдургуль Шаршеевна – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын аткаруучу директору, балдарды эрте өнүктүрүү боюнча эксперт, гендер боюнча эксперт.