Көңүл буруңуздар! «Бөбөктөргө китеп окуп беребиз» фотоконкурсун жарыялайбыз

November 21, 2013, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Бөбөктөргө китеп окуп беребиз» фотоконкурсун жарыялайт.

 

Үй-бүлөдө китеп окуу – балдарыбыздын ийгиликтүү келечегинин негизи! Бизде ар бир адам балага китеп окуп берет. Бирок биз муну кантип ар башкача жасайбыз! Айрымдары – балага бекем ыктап алып, башкалары столго олтуруп алып окуп берет. Айрымдары бир эле нерсени жүз жолу кайра-кайра окуп кыйналат, башкаларын процесс өзүнө тартып алат. Канча үй-бүлө бар болсо, балдарга китеп окуу ыкмасы да ошончо. Балдар бизди угуп жатканда аларга байкоо жүргүзүү канчалык кызыктуу: кимдир-бирөө таң калганынан оозун ачып калган, кимдир-бирөө көздөрүн кытмыр жүлжүйтүп алган, кимдир-бирөө китептин каармандары менен бирге окуяны чындап башынан өткөрүп жатат, ал эми кимдир-бирөө энесине ыктап алган: анткени ушундай болгондо жылуу, жагымдуу, анткени мээримдүү, бейпил, жанга жакын үн тынчтандырып, кала берсе үргүлөтөт.

 

Өз үй-бүлөңөрдө китеп окуунун ажайып көз ирмемдери менен бөлүшкүлө! «Бөбөктөргө китеп окуп беребиз» конкурсуна эң кызыктуу сүрөттөрүңөрдү жөнөткүлө. Биз балдарга китеп окуп берип жаткан ата-энелер, чоң энелер, чоң аталар, эжелер жана байкелер менен бирге түшкөн бир жаштан он алты жашка чейинки балдардын фотосүрөттөрүн кабыл алабыз.

 

 

«Балдарга китеп окуп берүү менен, биз келечегибизди түптөйбүз» деп ишенебиз


 

Катышуу шарттары: 

Бир катышуучу фотоконкурска мыкты сапаттагы, jpg форматындагы үч фотосүрөттү бере алат.

 

Сапаты начар фотосүрөттөр, мобилдик телефондон алынган, интернеттен көчүрүп алынган, жазуулары, коллаж элементтери бар, фотошопто иштетилген (минималдуу ретушка жана түсүн оңдоого жол берилет), фотоконкурстун темасына жана талаптарга ылайык келбеген фотолор каралбайт.

 

Фотоконкурска фотосүрөттөр 30-ноябрга чейин берилет. Уюштуруучулар үч жеңүүчүнү аныктайт. Жеңүүчүлөр 2013-жылдын 15-декабрына чейин www.roza.kg сайтында жана Фейсбуктагы барагыбызда жарыяланат. Сыйлоо 2013-жылдын 16-декабрынан 30-декабрына чейин өтөт.

 

Фотосүрөттөрдү Фейсбуктагы «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун барагына өз алдынча жайгаштырууга же fotokonkurs.chtenie@gmail.com дарегине жөнөтүүгө болот.

 

Көңүл буруңуздар! «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду конкурска жөнөтүлгөн иштерди (авторун көрсөтүү менен) китеп окууну жана көркөм фотосүрөттү даңазалоо максатында атайын көргөзмөлөр үчүн, ошондой эле фонддун сайтына жайгаштыруу үчүн пайдалануу укугун өзүнө калтырат.