«Балалык мектеби» кайрадан өз эшиктерин ачат

November 17, 2013, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Балалык мектеби» долбоорунун алкагында каалагандардын бардыгын балдарды музыкалык тарбиялоо жана өнүктүрүү – Карл Орф жана Шиничи Сузуки методикасы жөнүндө баяндама лекциясына чакырат.

 

Өткөрүү орду – Арабаев атындагы КМУнун конференц-залы.

 

Лекциянын башталышы – 22-ноябрь, 13- 00.

 

Лекторлор - италиялык дирижер, Борбордук-азиялык Жаштар оркестринин жетекчиси Джурардо Колела жана "Синяя птица" Монтессори-клубунун жетекчиси, Карл Орф методикасы боюнча сертификацияланган педагог Камила Исабекова

 

Максат – кесипкөй музыкантты тарбиялоо эмес, бирок балдарга такт, ыргак түшүнүктөрүн үйрөтүү, музыкага кызыгууну өнүктүрүү.