Бишкектиктерди жана борбор шаарыбыздын меймандарын «Кыргызстан корейлеринин музыкалык маданияты» концертине келүүгө чакырабыз

November 15, 2013, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду бишкектиктерди жана борбор шаарыбыздын меймандарын «Музыка – элдин дили» музыкалык-билим берүү программасына келүүгө чакырат, ал 24-ноябрда (жекшембиде) Кыргыз Улуттук консерваториясынын чоң залында болот. Саат 15.00дө башталат. Консерваториянын дареги – Жантөшев көчөсү 115 (Совет көчөсү менен кесилишет). Кирүү эркин.

 

Концерттин программасында – Кыргызстандагы корей диаспорасынын музыкалык маданияты менен таанышуу. 2012-жылдагы эл каттоонун маалыматтары боюнча, Кыргызстанда 16700 корей жашайт. Алар жөнүндө эмне билебиз? Биз каалагандардын бардыгын ушул байыркы элдин каада-салттары, тарыхы, музыкалык маданияты жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырабыз.

 

Корей салттуу көркөм өнөрү жана маданияты – бийлери, музыкалык жанрлары, аткаруу чеберчилиги, каада-салттары ЮНЕСКОнун Материалдык эмес мурасынын тизмесинде кеңири орун алган.

 

Силер 90 мүнөттүн ичинде тигил же бул бийди көрүп гана тим болбостон, ошондой эле ырдын, каада-салттын – мисалы, корейлердин таазим этүүсүнүн байыркы салтын же салттуу корей кийим-кечеги эмнелерден тураарын биле аласыңар. Эң белгилүү салттуу – Ариран ырын угуп жана ЮНЕСКОнун Материалдык эмес мурасынын тизмесине кирген – «Гангамсулэ» бийин көрө аласыңар.

 

Өлкөдө көптөгөн улуттардын өкүлдөрү жашап жаткан шартта мекендеш коңшуларыңдын маданиятын, үрп-адаттарын жана каада-салттарын түшүнүп-билүү өтө маанилүү.

 

Келгиле – бири-бирибиз менен кайрадан таанышалы!