Жазгы Нооруз майрамыңар менен!

March 20, 2022, 15:52

Кымбаттуу достор!

 


Силерди жазгы Нооруз майрамыңар менен чын дилибизден куттуктайбыз!




Кылымдарды карыткан Нооруз майрамы улуттарды, диндерди жана тилдерди бириктирип келет. Нооруз – жашоо-тиричиликтин жалпы жаңыланышы. Бул бүткүл үй-бүлө жана достор үчүн майрам, майрамдык тамак-аштын, бийдин жана ырдын күнү. Бул күнү өз ара урматтоо жана шайкештикке умтулуу даңазаланат. Бул – руханий тазалануунун жана кайра жаралуунун, тынчтыкты жана ыктыярдуу эркти ниет кылуунун мезгили.



Жаңырып келаткан жаз жаратылышты кулпуртуп гана тим болбостон, ошондой эле биздин жан-дилибизге жана жүрөгүбүзгө бейлилдик алып келсин.

 

Нооруз майрамы ар бирибизге тынчтык, бакты-таалай, бакубат жашоо жана ийгиликтүү узак өмүр берсин.

 

Ата-бабаларыбыздан бизге мурас катары сакталып калган ушул улуу майрам Кыргызстанга тынчтык жана бакубаттуулук тартууласын!



Урматтоо менен,

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ