Республикалык Көркөм окуу сынагы жарыяланат

November 12, 2013, 06:00

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду менен биргеликте республикалык Көркөм окуу сынагын жарыялайт.


Сынактын максаты: мамлекеттик тилди өнүктүрүү, анын кадыр-баркын көтөрүү жана аны жайылтуу, жаштарды кыргыз адабиятын, дүйнөлүк адабиятты окууга кызыктыруу, чечендик өнөрдү өнүктүрүү, эл арасынан жаш таланттарды алып чыгуу жана аларга стимул берүү, башка улуттагы балдардын кыргыз тилин жакшы билүүгө умтулуусуна шарт түзүү, сөз байлыгын өнүктүрүү ж.б.


Сынак 2013-жылдын 15-октябрдан 20-декабрга чейин өткөрүлөт.


Сынак 4 этап менен өткөрүлөт:


- Биринчи этапта - сынакка түшкөн табыштамалар 2013-жылдын 20-октябрынан 15-ноябрына чейин республиканын райондорунда (райондун жана областтын мамлекеттик администрациялары жооптуу) кабыл алынат жана тандоо туру өткөрүлөт.


- Экинчи этапта – райондон мыкты деп табылган конкурсанттар аймактын 7 областында (областтын мамлекеттик администрациялары жооптуу) жана Бишкек, Ош шаарында (буга Бишкек жана Ош шаар мэриялары жооптуу) өткөн сынакка катышышат. Областтык сынак 2013-жылдын 15-ноябрынан 1-декабрына чейин өткөрүлөт. Сынактын жеңүүчүлөрү жөнүндө маалымат 2013-жылдын 13-декабрга чейин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына жиберилет.


- Үчүнчү этапта – республикалык деңгээлде аталган сынак, 2013-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жыйындар жайында өткөрүлөт. Республикалык сынакка областта жана Бишкек, Ош шаарында өткөн сынакта баш байгени жеңген жана биринчи орунду алган мыктылар гана катыша алышат.


- Төртүнчү этапта – сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат. Сынактын жыйынтыгы 2013-жылдын 13-декабрында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.


- Ал эми ЖОЖдун 1-2-курстун студенттери (16-18-жашка чейин) катышуу үчүн табыштамаларды республикалык “Кыргыз тили” коомуна тапшырышат жана тандоо турунан өтүшөт. (Жооптуу “Кыргыз тили” коомунун президенти Р.Курбанов)


 

Сынакка Кыргыз Республикасында жашаган жана окуган 8-жаштан 18-жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр катыша алышат.


Сынак кыргыз тилинде өткөрүлөт.


Сынакта көркөм окуу үчүн (кайсы жанрда болсо да) бир эле чыгарма тандалып алынат. Уюштуруу комитети тарабынан: мекен, эне тил, улут. үй-бүлө, жаратылыш ж.б. темадагы кошумча сунушталган тексттерди көркөм окууга болот. Андан сырткары кыргыз классиктеринин чыгармаларынан, дүйнөлүк адабияттын кыргызча котормолорунан (проза, поэзия, драма) көркөм окуу үчүн мыкты тандалган тексттер окулат.


Уюштуруу комитети: КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмү (бай. тел. 315773)