Жаңы жылыңыздар менен!

December 29, 2021, 23:38

Кымбаттуу достор!

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын уюштуруучусу жана жамааты Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!

 

Календарь бизге тартуулаган кайталангыс окуя жылына бир гана жолу өтөт. Бул таң калычтуу жана демейдегиден башкача күн, бул күнү биз бир жылды узатабыз да, дароо эле кийинкисин тособуз. Бул өтө символикалуу, анткени бул күнү биз жаман нерселердин бардыгын эски жылга калтырып, ал эми жаңы жылда жакшы маанайды, жеңиштерди жана жетишкендиктерди каалайбыз!

 

Жаңы жыл бизге бакубаттуулук тартууласын, тилеген тилектерибиз аткарылсын, келечекке ишеним бекемдеп, дайыма жана бардык саамалыктарда бизди ийгилик жылоолосун. Баарыңыздарга ачык асман, ырыс-ырашкерлик, бакты-таалай каалайбыз!

 

Сиздер дайыма биз менен бирге болгонуңуздар үчүн, ыракмат!

Биз Сиздер үчүн иштейбиз!

Жаңы жылыңыздар менен!