«Балдар адабияты» жана «Ата-энелер үчүн балдарды тарбиялоо боюнча колдонмо»

October 17, 2021, 19:09

Баланы тарбиялоо – бул түйшүктүү эмгек. Кыялы чатак балдар менен кантип баарлашуу керек? Үч жашка чейинки балдарды эмнеге үйрөтүү керек? Кандай каталарды болтурбай коюуга болот? Бардык жоопторду силер «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ кыргыз тилиндеги «Ата-энелер үчүн балдарды тарбиялоо боюнча колдонмо» сериясынын алкагында чыгарылган китептерден таба аласыңар. Түшүнүктүү жана жалпак тилде жазылган бул китептер ар бир ата-эне үчүн баа жеткис жардамчы болуп калат.

 

«Балдар адабияты» жана «Ата-энелер үчүн балдарды тарбиялоо боюнча колдонмо» серияларындагы китептерди сатып алган учурда силер Си Цзиньпиндин же Мохаммеда ибн Рашид ал-Мактумдун “Ой учкундары” китептеринин бирин белекке аласыңар.

 

Бардык ушул китептер Бишкек шаарынын китеп дүкөндөрүндө жана Чүй проспекти, 106 (Тыныстанов көчөсү менен кесилиште) дареги боюнча биздин офисте жеткиликтүү.