"Кыргыз жерим" көргөзмөсү

July 26, 2021, 00:03

2021-жылдын  10-августунда С.А.Чуйков атындагы  «Дубовый парк» галереясында жаш сүрөтчү Сыдыкалы кызы Аруукенин “Кыргыз жерим” аталышындагы көргөзмөсү ачылат.

 

Көргөзмөдө сүрөтчүнүн Кыргызстандын ажайып кооз, керемет жерлерин сүрөттөгөн пейзаж, этюдтар жана натюрморт жанрларындагы чыгармалар эл алдына чыгарылмакчы.

 

Сүрөтчү ар бир жыл мезгилинин, агарып аткан таңдын, кызарып баткан күндүн кооздугун түстүү боектор аркылуу жеткирүүгө аракеттенген. Сүрөттөр реализм стилинде тартылган. Арууке Сыдыкалы кызы Баткен чек арасында болгон окуядан кийин жеринен сүрөт тартып ар кандай этюддардан композиция иштеп чыккан. Ал сүрөттөр да “Кыргыз жерим” көргөзмөсүнө чыгарылат. Көргөзмө 10-августтан 31-августка чейин созулат.

 

“Кыргыз жерим” көргөзмөсүн уюштурууга “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду колдоо көрсөттү. Жаш сүрөтчүнүн чыгармачылыгын өркүндөтүү максатында 2020-жылы экс-Президент Роза Отунбаева Аруукенин Россиядагы мамлекеттик Третьяков галереясына, А.С Пушкин атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейине, Эрмитажга жана  “Манеж” көргөзмө-музей бирлигине баруусуна көмөк көрсөткөн. чет өлкөлүк сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен таанышуусуна шарт түзүлгөн.

 

Сыдыкалы кызы Арууке 1995-жылы 27-февралда Ала-Бука районуна караштуу Падек айыдында туулган. Жалал-Абаддагы көркөм сүрөт мектебинде билим алган.

 

2010-2014-жылы Т. Садыков атындагы колледжди, 2019-жылы кыргыз эл сүрөтчүсү, профессор С. Торобековдун    жетекчилиги астында академияны ийгиликтүү аяктаган. Академияда окуп жүргөн мезгилден тартып эле конкурс, көргөзмөлөргө катышып келет.

2013-жылы «Үзүлбөгөн үмүт»  сүрөтү үчүн «Ак кеме» көркөм тасмасынын II- даражадагы диплому менен сыйланган.

2014-жылы «Будущее Кыргызстана-женский взгляд» көргөзмөсүндө грамота менен,

2017-жылы Телжанов Канафия Темир Болат уулунун 90 жылдыгына арналган студенттик пленэрге катышып,   II- даражадагы диплом менен сыйланган,

2016-жылы КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык студенттер арасындагы арт –плэнердин катышучусу.

2018- жылы Казакстандагы симпозиумдун катышуучусу

2019-жылы окууну ийгиликтүү аяктап, азыркы мезгилде Т. Садыков атындагы колледжинде иштеп келет.